Өлкөдө үй карантиндин шартын бузгандыгы үчүн 36 жаран жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
"Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча 8 жаран, 281-беренеси боюнча 1 жаран жоопкерчиликке тартылды. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесинин 1-эскертүүсүнө ылайык, 6 адам жоопко тартылууда, алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык, 21 адам жоопкерчиликке тартылган, аларга 3 миң сомдон айып пул салынды. Жыйынтыгында жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 36 адам жоопко тартылды", - деп билдирди министрдин орун басары.
Жыйында инфекция чыккан жерлерде мобилдик бригадалар иш жүргүзүшүп, 107 миңден ашуун үй, 560 миңден ашык жаран текшерилгендиги айтылды.
Беренелер менен бул жактан тааныша аласыз.