Коронавирустан каза болгондордун бири – Ош шаарынын тургуну бейтап менен байланышта болгон. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Коронавирустан каза болгондордун бири – Ош шаарынын тургуну оорулуу менен байланышта болгон. Анын жубайы эжеси менен чет өлкөдөн кайтып келишкен. Эжесинен COVID-19 бар экени аныкталган. Бирок ал өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес, ал эми эркек киши байланыштан кийин илдетке чалдыгып, көз жумган. Үй-бүлөнүн дагы бир нече мүчөлөрүнөн да коронавирус табылды", - деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы окуя карантинге алынган жарандардын аларды кармоону негизсиз деп эсептеп, видео кайрылууларын эске алып, алар өзүнүн айлана-чөйрөсүнө кандай коркунуч алып келерин далилдеген мисал боло алат дешет штабдан.