Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн брифингде болду. Ага көбүнчө пандемия шартындагы туризм тууралуу суроолор берилди.
"Туризмдин бардык эле түрүнө уруксат берилди, эмне үчүн балдар лагерлерине уруксат жок?" деген суроо узатылды ага.
"Бул эми республикалык штабдын чечими экен. Негизи жылда эле балдар лагерлери 15-юндан башталат. Байкасаңыздар соода оюн-зоок борборлорунда деле балдардын ойногон жайлары ачыла элек. Эгерде эпидемиологиялык абал жакшы болсо 25-июндан тартып балдар лагерине да уруксат берилет деп ойлоп жатабыз. Албетте, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаатта абалды эске алуу менен карап чыгат деп ойлойм. Балдардын алдында ар бирибиздин жоопкерчилигибиз бар", - деди облус башчысы.