Бүгүн, 2-майда саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын берүүдө.
"Компенсациянын бир күн иштеген төлөмдөрү дарыгерлердики 2 миң 300 сом, орто медицина кызматкерлердики 2 миң сом, кичүү тейлөө персоналдардыкы 1 миң 800 сом. Иштеген мөөнөттөн кийин алар обсервацияда жатат. Ал учурда күнүнө 900 сом төлөнөт", - деди Атакулов.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов март айында коронавируска каршы күрөшкөн медицина кызматкерлерине 34 миллион 963 миң сом которулганын айтты.
Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 828 адам жатат. Коронавирус лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 3 миң 232.
Өткөн суткада 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалал-Абад облусунда – 1, Ош шаарында – 1. Жалпы саны 200.
Өлкөдө бир суткада 13 адамдан коронавирус аныкталды. Алардын ичинен:
Бишкек шаары - 3;
Ош шаары - 2;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 4;
Баткен облусу - 2;
Нарын облусу - 1.
Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 769.
Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар:
Бишкек шаарында - 9;
Ош облусунда - 1;
Жалал-Абад облусунда - 2;
Нарын облусунде - 11;
Жалпы 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.