18-апрелде боло турчу UFC 249 турниринде Хабиб Нурмагомедовдун ордуна Тони Фергюсон менен америкалык 31 жаштагы Жастин Гейтжи беттешет. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды.
Жастин Гейтжи өзүнүн карьерасында жалпы 23 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 21 жолу жеңишке жетишсе, 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.
Буга чейин уюмдун президенти Дана Уайт бул турнир сөзсүз өтөрүн, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов катышпай тургандыгын билдирген.