UFC уюмунун президенти Дана Уайт 18-апрелде боло турган UFC 249 турнири сөзсүз түрдө өтөрүн, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бул беттешке катышпай тургандыгын өзүнүн социалдык баракчасына жазып калтырган.
"Бул турнир өтөт. Бирок беттешке Хабиб катышпайт. Эртең мен турнирге катышуучулардын курамын жарыялайм", - деп жазган Дана Уайт.
Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн Кол менен мушташуу жана аралаш жекеме-жеке мушташ федерациясынын аткаруучу директору Максим Корольков турнирди Беларусь өлкөсүндө өткөрүүгө даяр экенин билдирип, UFC уюмуна кайрылганы кабарланган. Бүгүн, 6-апрелде аталган өлкөнүн спорт министрлиги "Спорт жана туризм министрлиги бул маселени талкуулаган жок" деп бул маалыматты четке каккан.