Үйдө жатып карантиндин канчанчы күнү башыбыздан өтүп жатканын деле унутуп калгандайбыз. Албетте, көпчүлүгүбуз жумушка барбасак күндү, саатты деле билбей калчудайбыз. Айрымдарга карантинде жатып убакыт тез өтүп жаткандай сезилсе, кээ бири таң атырса кечти киргизе албай убара. Бирок карантин ар бир адамга өзүнө жаккан иш менен алектенип, артка кылчайып жыйынтык чыгарып, алдыга көптөгөн жаңы максаттарды койгонго шарт түзүп берди.
Жолду тооруган бул оору өлкөбүздөн узап, ооругандар сакайып, кайрадан бейпил турмуш орногон маалда алгач эле каякка барууну көздөп жатасыз? Эгерде ойлоно элек болсоңуз борборубуз Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан кереметтүү, көз жоосун алган кооз жерлердин топтомун сизге сунуштайбыз.
Көл-Төр
Кегети капчыгайында жайгашкан бул кереметтүү көл деӊиз деӊгээлинен 2 миң 730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет. Ички туризмдин өнүгүшү менен жергиликтүүлөр да бул жакка көп келе баштаган. Көлгө жетиш үчүн 8 чакырымды басып өткөнгө туура келет. Кандайдыр бир себептерден улам баскыңыз келбесе, ижарага ат алып аны минип чыксаңыз да болот.
Көл-Төргө барып келүү үчүн орто эсеп менен миң сомго жакын акчаңыз кетет. Бул акчанын ичине барып келишиңиз жана тамак-ашыңыз кирет. Азыркы тапта каалоочуларды алып барып келген атайын тур компаниялар бар, алардын алган акысы ар кандай. Сиз болсо карап көрүп, өзүңүзгө эң ыңгайлуусун тандап алыңыз. Тоо койнунда сизди күтүп турган сулуулукту көргөндө жолдо болгон бардык кыйынчылыктарды унутуп каласыз.
Сейил бакты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна мал айдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Азыркы тапта сейил бак коргоого алынгандыктан, эс алуу үчүн атайын шарттар да түзүлгөн.