Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты бүгүнкүгө карата абалды айтып, түз эфирде келген суроолорго жооп берип жатат. Ал коменданттык саат учурунда Жалал-Абад шаарында 39, Сузак районунда 2 адам кармалганын айтты.
"Урматтуу тургундар, баарыбызда кыйынчылыктар болуп жатат. Коменданттык сааттын эрежелерин көзөмөлгө алып, бир топ кызматкерлерибиз иштеп жатат. Алардын эмгегин сыйлап, тартипти сактаңыздар. Тартип, ынтымак менен биз бул абалды жеңебиз деди", - деди Жоробеков.
Гуманитардык жардамдар тууралуу бир топ суроолор айтылып, комендант жашаган аймакка жараша айыл өкмөттөргө кайрылуу керектигин же комендатуранын байланыш номерлерине чалуу зарылдыгын белгиледи.
Комендант коменданттык сааттын эрежелерин бузгандарга карата көрүлгөн айыптар тууралуу айтты. Коомдук жайда бет кабы жок жүргөндөр, азык-түлүктөрдүн же башка товарлардын баасын кымбаттатып сатып жаткандарга айып караларын билдирди.
Аксы районунда малды өткөрбөй жатышат. Кантип малды өткөрсөк болот деген суроого жооп берип жатып, Жоробеков аларга чектөө болбой турганын айтты. Ал жайлоого өтүп кете берсе болорун, болгону блокпосттордон тактоо маалыматын талап кылып жатышса керек деди.
Маалымат жыйын башталды. Жеңишбек Жоробеков брифингде маалымат берүүдө. "Курманбек айыл аймагындагы Жоон-Күңгөй айылында жаштар чогулуп ойноп, коменданттын тартиптерин сактабай жатышат. Муну жөнгө салсаңыздар" деген өтүнүч келди. Жоробеков ал жакка кошумча күч органдарынын кызматкерлери жөнөтүлө турганын айтты.
"Өкүнүчтүүсү ошол жаштардын улууларды укпай, сыйлабай жаткандыгы. Аксакалдар тыя албай калганы болуп жатат. Милиция кызматкерлери барып, баш ийбей жаткан жаштарды тыят", - деди ал.