Коңшу Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде 139 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинен билдирүү таратышкан.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде бул оорунун айынан каза болгондор катталган эмес.
Бул көрсөткүч менен коронавирус инфекциясы Тажикстанда жалпы 3 миң 563 адамдан аныкталды. 47 адам каза болсо, 1 миң 672 бейтап айыгып чыкты.