"6-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын Жеңиш көчөсүнүн тургуну 40 жаштагы А.Б. арыз менен кайрылган" деп билдирди Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатуранын басма сөз кызматынан.
Маалыматта жазылгандай, анын арыз жазуусуна ошол эле күнү болжол менен саат 11:30 чамаларында Жалал-Абад шаарынын Курорт көчөсүндө Гани аттуу киши эч бир себепсиз уят сөздөр менен сөгүп, урууга аракет жасаганы себеп болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБи тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлдү.
"Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөргө алдын ала түзүлгөн тизме менен ун жана башка азык-түлүк таратылып жаткан учурда 33 жаштагы Б.Г. «мага да жардам барбы?» деп айыл активи А.Б.га кайрылган.
Айыл активинин «Бул тизмеде жок экенсиң, биздин жумушка тоскоолдук кылбай тур» деген жообун угуп, ачууланып уят сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүүгө аракет жасаган. ӨКМнын кызматкерлери ортого түшкөн. Б.Г. алар менен да мушташууга аракет жасап, оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүп, бейбаштык аракеттерди жасагандыгы аныкталган жана бул учур жабырлануучу тарабынан видеого тартылып алынган.
Бул факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 119-беренеси "Майда бейбаштыктын" негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Шектүү өзүн ачуулукка алдырганын, чынында анын да үй-бүлөсү жардамга муктаж экендигин билдирип, кечирим сураган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!