Өткөн суткада коронавирустан 20 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаары – 14;
Нарын облусу – 3;
Ош облусу – 3.
Республика боюнча жалпы 1360 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.