Саламаттыкты сактоо министрлигине кезектеги гуманитардык жардам берилди

Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн "Алтынкен" ЖЧКсы гуманитардык жүктү тапшырды. Гуманитардык жардам иретинде 5 миң даана медициналык көз айнек, 25 миң жуп кол кап, 10 миң комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана портативдик тепловизор берилди.

Ага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кыргыз өлкөсүндөгү Кытайдын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, "Алтынкен" ЖЧКсынын жана "Кыргызалтын" ААКнын жетекчилиги катышты.

"Бүгүнкү күнү Кыргыз мамлекетинин саламаттыкты сактоо системи өздүк коргонуу каражаттарына муктаж, алар алдыңкы катарда ооруга кабылган жарандардын жанында түздөн-түз жүрүшөт. 200 миң доллар суммасына Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык көз айнектер, кол каптар, коргонуу кийимдери, ошондой эле термометр жана тепловизор түрүндө көрсөтүлгөн жардам өз убагында берилди. Биз терең ыраазычылык билдиребиз", - деди вице-премьер.

Кытай элчиси өз кезегинде кытай тарап коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2020-04-12 22:23:18
Өздөрүнөн чыккан вирус
+1
tatynam_88
2020-04-13 09:47:12
Кайда кетип жататгум жардамдар?.оздорунун жугуштуу оорусу кармап,болуп жатабы дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан