Президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Анда айтылгандай, сүйлөшүүдө эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чаралар талкууланды. Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаал жана экономикалык кесепеттер биргелешкен аракеттерди талап кылып жатканын белгиледи.
"Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайян кыргыз тарапка аталган илдет менен күрөшүүдө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. Мындан сырткары ал эмират тараптын Кыргыз өлкөсүнүн экологиялык таза айыл чарба азык-түлүктөрүн импорттоого кызыкдар экенин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.