Коменданттык саат маалында берилүүчү өткөрмө кагаздардын үч түрү бар. Алар кимдерге берилет?

Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйын өтүүдө.

Жыйында коменданттык саат режиминде шаар ичинде жүрүү үчүн пропусктар үч түстө болору айтылды.

Пропусктун биринчи түрү көк түстө болот - аны менен Бишкек шаарында жана өзгөчө абал киргизилген аймактарда күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилген;

Экинчи түрү кызыл түстө - аны менен эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүрүүгө болот;

Үчүнчүсү сары түстөгү өткөрмө кагаздар медицина кызматкерлери менен банк кызматкерлерине берилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан