"Барселона" клубунун жана Бразилия улуттук курама командасынын мурдагы чабуулчусу Роналдиньо үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Парагвай соту Густаво Амарилья чыгарганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футболчу жана анын байкеси Роберт де Ассис 1 миллион 600 миң доллар күрөө берип анан чыгышкан. Алар Парагвайдын борборундагы мейманканага жайгашып, полиция кызматынын көзөмөлүндө болушат.
Роналдиньо жана анын тууганы жасалма паспорт колдонгон деген шек менен мейманканалардын биринен кармалган. Бул окуяны Парагвай мамлекетинин укук коргоо органдары иликтей баштаган.
Абакта мурдагы футболчу өзүнүн 40 жашын белгилеген.