Бүгүн, 8-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берди. Күнүгө аталган министрликтин өкүлдөрү коронавирус жуктуруп алгандарды саны тууралуу маалымат берип турат.
Министр Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылганын айтты. "Бүгүн биз бул оорукананы жаап, дезинфекцияга жиберебиз да Ош облустар аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, орун даярдайбыз", - деди ал.
"Обсервацияда 10 миң 97 адам жатат. Анын ичинен 439 киши үй карантинине чыгарылды.Эпидемиялык кырдаал курч бойдон калып жатат. Убагында таап, чараларды көрсөк эпидемиялык процесстин токтошуна жардам берет", - дейт ал.
"Кечээ Ала-Бука районунда эки киши дарыланып чыгарылды. Бүгүн Жалал-Абадда 10 кишини дарылап чыгарабыз", - дейт ал.
Анын айтымында, дарыланып чыгарылгандардын саны 25. Ал эми ооруканада 241 адам жатат. 9 адамдын абалы оор. 5 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми каза болгондордун саны 4.
"Коронавирус жуктургандардын 16сы эркек жана 26сы аял. Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 5", - дейт министр.
Саламаттыкты сактоо министри билдиргендей, коронавирус жуктургандардын саны 270ке жетти. "8-апрелге карата коронавирусту 42 адам жуктурду. Анын ичинен 13ү медицина кызматкерлери", - дейт ал.