Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу дагы 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Бишкек шаары - 27;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу - 11;
Талас облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу - 17.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусу аныкталгандардын жалпы саны 44 миң 613кө жетти.