Коңшу Казакстанда бир суткада 64 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эң көп Чыгыш Казакстанда (17), Батыш Казакстанда (7) катталды. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 106 миң 425ке жетти. Ал эми өткөн суткада илдеттен 239 бейтап сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 99 миң 893. Коронавирус жана пневмониядан бир суткада 7 адам каза болду. Муну менен каза болгондордун саны 1 640ты түзөт.