Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти (фото)

Ош шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок экенин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өрт 7-апрель күнү саат 19:30 чамасында Ош шаарындагы Илья Репин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыкты. Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйдү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

Өрт өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, 2 ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-04-08 10:18:16
Кудай сактасын кырсыктан.Тынч болойлу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан