Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен дагы 42 жаран жабыркап жатканы аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 270ке жетти. Маалыматты саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Алардын ичинен 16сы эркек жана 26сы аял. Коронавирусту жаңы жуктургандар төмөндөгү облустардан экени белгилүү болду:
Бишкек шаарында – 10;
Чүй облусунда – 2;
Ош облусунда – 24;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Нарын облусунда – 5.
Ал эми жалпы 270 боюнча аймактар төмөндөгүдөй:
Ош облусунда – 97;
Ош шаары – 33;
Жалал-Абад облусунда – 81;
Бишкек шаары – 35;
Нарын облусунда – 10;
Чүй облусунда – 7;
Баткен облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 3.