Жетишпеген аппараттар. Акыркы сапарга жалгыз узаган маркумдар. Италиялык дарыгер өлкөдөгү абал тууралуу айтып берди

Италиялык дарыгер "Corriere Della" басылмасына берген маегинде өлкөсүндө болуп жаткан өзгөчө кырдаал тууралуу адамды ыйлата турган учурларды айтып берген.

Дарыгердин айтымында, азыркы тапта Италиянын ооруканаларында абал өтө кейиштүү.

"Дарыгерлер айрым бейтаптарга жардам бергенге эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Анткени атайын аппараттар жетишсиз. Бейтапка дем жетпей жатканын көрүп туруп эч кандай жардам бере албагандан өткөн тозок жок", - деп билдирген дарыгер.

Ошондой эле ал оорунун айынан балдарын да көрбөй калган учурлар, көрсө да мурдагыдай бооруна кысып албастыгын баяндаган. "Мен үйгө барарда жолдошума алгач чалып балдарды алысыраак алып туруусун өтүнөм. Анан үйгө кирип дароо жуунганга шашам. Бир үйдө жашасак да сактанып, үйдөн масканы чечпейм, балдарыма жакын жолобойм", - деген ал.

Ошондой эле дарыгер вирустан каза болгон адамдар акыркы сапарга жалгыз узап жатканына кейиген. "Каза болгондордун жакындарына угузуу эң оор нерсе, андан дагы оору бул балдар ата-энесин же
ата-эне баласын акыркы сапарга узата албай калгандыгында", - деп кошумчалаган.

Дарыгер Италия бул абалга вируска башында жакшы маани бербегенден улам келгенин айтып өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aika1988
2020-03-21 13:16:14
Элесететип козумо жаш алдым журогум оорду.Кудайым Бардык мамлекеттин адамдарына Ден соолук берсин ушул жаман оорудан сактасын жаратканым Оз кудрети менен жок кылсын.Кудайым оору сыркоодон озун сактай кор.
+26
pero5184
2020-03-21 14:14:29
Кыргызстан үйдөн чыкбагыла
+12
asanaliev.s
2020-03-21 15:47:43
Ыйладым менда Аллах сабыр бере кор эртерек эле жоголуп кетсе екен ушул вирус канчалаган адамдарды омурун алды окунучтуу
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан