Министр адашып алды. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 8-апрелде берген маалымат жыйында Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы жабылганын билдирген. Бул боюнча аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, министр Ош менен Жалал-Абад шаарындагы оорукананы алмаштырып айтып алган.

"Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу дезинфекция иштери менен жабылган. Ал эми ал жакта дарыланып жаткан балдар Ош облустар аралык ооруканага которулган. Кошумча Кара-Суу райондук балдар ооруканасы дагы даярдалган. Ал эми кызматкерлер ооруп калды делген маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
chake
2020-04-08 12:37:06
дизинфекция үчүн жабылган турбайбы
-2
robot111
2020-04-08 13:06:47
Дарыгерлерге рахмат биздин денсоолугубуз учун иштеп жатышат. Алардын туйшугун кобойтпой уйдо отуралы.
+1
modem4999
2020-04-08 12:39:32
Бул министр деле жыргатпай калды го
+6
katerina.li
2020-04-08 12:43:10
Ушундай майда чуйдо нерсени алмаштыра берсе,чон жумушту кантип бутурот??
+9
Alimbek1000
2020-04-08 13:07:47
Врачтар коронавирус келгенден бери катуу чарчап атышкан го
0
turmus
2020-04-08 13:18:23
Бул министр деле 33-апрелге жетпейт окшойт.
+5
tavanova.sarah
2020-04-08 13:18:29
Анча мынча дарыгерлер санитаркалар ооруп калышты. Анын эмнесин жашырат. К.эжем дагы ошол жерде иштейт изоляцияда жатат.
+1
sinej
2020-04-08 13:44:14
Министр бизди жыргатпайт.
+3
Nur777
2020-04-08 14:12:39
1) Коронавирусту 5 кундо токтотом
2) 33-апрель
3) Каза болгондор 24
4) Жалал-Абад ооруканасы жабылат
бул 1жуманын ичинде!)дагы кандай приколдор кутот бизди бул Министр менен,спикерден отуп кетеби дейм)))))
+5
elebes86
2020-04-09 11:24:29
Ушул министр аман эле болсунчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан