Жарандарга улгайган ата-энелерине күндүз азык-түлүк жеткирүүгө уруксат берилет

Бүгүн, 25-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов онлайн маалымат жыйын беришти.

Анда Азизбек Алымкулов Бишкек шаарынын комендантынын орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду.

Жыйында Алымкулов жарандар улгайган ата-энелерине күндүз азык-түлүк жеткире турган болсо, аларга күч органдары тоскоолдук жаратпай турганын айтты.

"Тескерисинче, биз көмөк көрсөтөбүз – бул абдан маанилүү", - деди борбордун комендантынын орун басары.

25-мартта өлкөдө дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 44.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан