Москвада калган Кыргыз жарандары бийликтен аларды мекенине кайтып баруусуна жардам берүүсүн суранышууда. Айтымдарында, азыр "Шереметьево" аэропортунда 80ге жакын жаран (алардын ичинде кары-картаң, кош бойлуулар бар) топтолуп турат.
"Биз үйүбүзгө барып, балдарыбызды көргүбүз келет, өлкөбүзгө кайтып барууга жардам бериңиздер", - деп кайрылып жатышат алар.
Нааразы болгон жарандар аэропортко 5-апрелде келишкен. Бирок алардын каттамдары коронавирустун кесепетинен улам жокко чыгарылып, учпай калган.
"Тамак-ашыбыз түгөнүп, бара турган жерибиз жок айлабыз алты кетип жатат", - деп билдирди аэропортто кармалып турган жарандардын бири.