47 жашта болгон. Коронавирустан дагы бир бейтап каза болду

Өлкөдө коронавирус илдетине кабылган бейтаптардын бири каза болду. Маалыматты бүгүн, 9-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 1973-жылы туулган аял киши каза болду.

"Буга чейин ал облустук оорукананын гематология бөлүмүндө химиотерапия алып жаткан. Бейтаптын бөйрөктөрү жабыркаган. Андан 31-майда коронавирус аныкталып, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Инфекция аныкталгандан кийин бейтаптын жогорудагы илдеттери курчуп, көрүлгөн жардамдарга карабай 8-июнда каза болду", - деди Үсөнбаев.

Өлкөдө илдеттен каза болгондордун жалпы саны 24кө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2020-06-09 12:00:18
Рактан каза болуптур да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан