Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө Кытай өкмөтүнөн гуманитардык жардам келди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, келген жардам жүктү кабыл алуу иш-чарасы өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде болуп өттү.
Анда айтылгандай, ага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытай Эл Республикасынын өлкөдөгү толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты. Элчи Ду Дэвэнь белгилегендей, Кытай өкмөтүнөн келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү ал үчүн чоң сыймык.
"Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө эки бир тууган эл бири-бирине көмөктөшүүгө кол сунууда. Бул ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү", - деп билдирген Ду Дэвэнь. Аида Исмаилова Кыргыз өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Жеке коргонуу каражаттары медицина кызматкерлерине жана алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүчү жактарга бардык чакырыктарга ыкчам, коопсуз түрдө жооп кайтарууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берет. Жеке коргонуу каражаттары медициналык мекемелерге жана чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жөнөтүлөт", - деди ал.
Вице-премьер белгилегендей, бүгүнкү күндө бүтүн дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына туш болду, республика боюнча бул дарттан жабыркагандардын саны 270 адамга жетип, анын ичинен 4 адам каза болду.
"Абалды эске алуу менен кыргыз өкмөтү тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар кабыл алынууда. Белгилүү болгондой, ушул жылдын 25-мартынан тарта өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Ал аркылуу өлкө жарандары үчүн чектөө чаралары киргизилген, ошол эле учурда аталган чаралар аргасыздыктан кабыл алынгандыгын түшүнүү менен кабыл алуубуз зарыл, мунун бардыгы вирустун күчөшүнүн алдын алуу жана жарандардын ден-соолугун сактоо иретинде жасалууда. Биз бүгүнкү күндө дүйнөдө бир дагы адам аталган дарттан четте калуусуна кепилдик жок экендигин так түшүнүүбүз кажет. Ар бир адамдын ден соолугу өзүнүн гана колунда экендигин туура түшүнсөк", - деди Аида Исмаилова. Буга байланыштуу ал өлкө жарандарын адистердин кеңешин жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарын так аткарууга чакырды.
Маалыматта Кыргыз Республикасына берилген гуманитардык жардамга эмнелер келгени тизмектелген: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 миң юань же болжол менен 7 миллион 690 миң сомго эсептелген ПЦР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар).
Мындан мурда Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу 21 миң даана экспресс-тесттер берилген.