Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жарандар карантиндик шартта жашап жатканына 21 күн толду. Бул күндөр аралыгында карантин, изоляция, обсервация деген сөздөр күнүмдүк лексикондо эң көп колдонула баштады. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги онлайн маалымат жыйында канча адам вирус жуктуруп алганы жана канчасы айыкканы тууралуу статистика менен бирге канча адам обсервацияда жатканын жана канчасы изоляцияга алынганы боюнча да маалымат беришүүдө.
Учурда үйдө жаткан жарандардын көбү карантинде жатабыз деп ойлошот. Чындыгында карантин менен изоляциянын бир катар айырмачылыгы бар.
Карантин - (чектөө чаралары) бул административдик жана санитардык-эпидемиологиялык комплекс иш-чаралары, ал белгилүү бир аймакты коргоого багытталат. Ошондой эле инфекциянын бир жерден экинчи жерге жайылып кетишине бөгөт коёт.
Изоляцияга алуу - бул карантиндик чараларды жарандар аткарыш керек болгон бөлүгү. Изоляциянын негизги шарты вирусту жуктуруп албоо жана аны башкаларга жуктурбоо.
Өзүн изоляцияга алуунун тартиби:
Ал эми карантинге жаткырылган жарандардын жашоо образы кандай өтөт?
Атайын даярдалган обсервацияларда карантинге жайгаштырылган жарандар ар дайым медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлердин байкоосунда болот. Ошондой эле мындай шартта кармалып жаткан жарандарга эмгекке жарамдуулугу чектелгендигине байланыштуу айрымдарына акчалай жардам төлөнүп берилиши мүмкүн.
Өзүн-өзү изоляцияга алган жарандардын жашоо образы кандай өтөт?
Изоляцияга алынган адамдарга медициналык байкоо жүргүзүлбөйт. Бул учурда жарандар эмгекке жарамдуу болуп эсептелинет. Мындай шартта жарандарга карантиндин шарттарын бекем сактоо талабы менен жумушка чыгууга уруксат берилет. Изоляцияга алуу режимин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус COVID-19 инфекциясынын жайылышынан улам 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тарта Бишкек шаары, Ош жана айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилген.