Бүгүн, 30-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн атайын топ COVID-19 вирусуна байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагына бир айга жөнөшөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Айтымында, түштүк жергесине дарыгерлер өз ыктыярлары менен бара жатышат.
"Биз жактан бардык шарттар түзүлгөн. Эң негизгиси өзүңөрдүн коопсуздугуңарды сактап, тажрыйбаңарды көрсөткүлө", - деди Чолпонбаев медицина кызматкерлерине жыйын өтүп жатып.
Анын билдиришинче, дарыгерлер ынтымакта иштесе, вирусту жеңип, кубанычтуу кабарды угузуу алыс эмес. Министр белгилеп өткөндөй дарыгерлер түштүк аймагына унаа менен барышат.
"Азыркы тапта авиакаттамдардын убактылуу жок экенине байланыштуу бир аз жол жүрүп каласыздар. Мындан улам аман-эсен жетип алыңыздар. Баарыбыз өзүбүзгө тиешелүү кызматтарды татыктуу аткарып, жакшы кабарды угузалы", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, буга чейин 25-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлер тобу бир айга Жалал-Абад облусунун ооруканасына эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларды аткарууга учуп кетишкен болчу.