Орусия коронавируска каршы эмдөөнү ноябрь айында баштайт

Орусия коронавируска каршы эмдөөнү ноябрь айында баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Максималдуу эмдөөнү ноябрь-декабрь айында баштамакчыбыз. Вакцина сасык тумоого жана коронавирус инфекциясына каршы жүргүзүлөт", - деген ал.

Ошондой эле биринчилерден болуп эмдөө медициналык кызматкерлерге жана жашы улгайган жарандарга карата жүргүзүлөт.

Орусия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөн. Ага "Спутник V" деген аталышы берилген. Препарат Н.Ф. Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан