УКМК дарыгер Бектур Апышевдин кечирим сураган видеосуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирди

УКМК кызматкерлери медицина кызматкерлерин күчкө салып, эл алдынан кечирим суратып жатат деген маалымат боюнча УКМК төмөнкүлөрдү билдирет.

Дүйнө жүзүндө таралып жаткан коронавирустун тегерегинде айрым тараптар такталбаган маалыматтарды таратуу жана COVID-19 вирусуна каршы иштеп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүү аркылуу өздөрүнө жеңил пиар кылуу аракетин көрүшүүдө.

Белгилей кетсек, ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган маалыматтарды жарыялап тараткандар, алардын арасында медицина кызматкерлери да аныкталган. Кармалгандарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардыгы коё берилген. Бул фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

УКМК Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөзүлбөгөндүгүн жана анын катышуусу менен таратылган видеого эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет. УКМК жарандардан маалыматтарды расмий булактардан алып, кандайдыр бир билдирүү таратканда так болууга чакырат.

Бектур Апышев аттуу дарыгер социалдык тармактагы баракчасына аларга дакиден жасалган сапатсыз бет каптар берилип жатканын айтып, анын сүрөтүн жарыялаган. Ал бет каптар дарыгерге жумуштан берилген. Көп өтпөй дарыгер жетекчиликке чакырылып, анын билдирүүсү жана жеке баракчасы социалдык тармактан жоголуп кеткен. Кийинчерээк дарыгердин бул боюнча кечирим сурап жаткан видеосу социалдык тармактарда пайда болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alia82
2020-04-14 13:53:07
Ишенбейм...
+2
robot111
2020-04-14 14:08:42
Бектур Апышеевге окшогон ХХХХ элди паникага туртуп жатат. Кечирим суратпай камаганда туура болмок.
-5
Alimbek1000
2020-04-14 14:09:44
Бул бала хат болом деп ит болуптур да.
0
Jaznura
2020-04-14 14:16:08
Шүгүр дебейби?
-1
chake
2020-04-14 14:25:57
сабырдуу бололу бул күн да бизге сыноо иретинде берилип жаткандыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан