Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миң 885 адам коронавирус жуктуруп алган

Орусияда өткөн суткада коронавирус инфекциясын 8 миң 885 адам жуктуруп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Маалыматка ылайык, оору жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Москва шаарында катталган. Москвада 1 миң 992, Санкт-Петербургдан жана башка аймактардан 347 адамдан аныкталган. Ал эми бул илдеттен сутка ичинде 8 миң 708 адам айыгып чыккан болсо, каза болгондордун саны 197 адамды түздү.

Орусияда коронавирус катталгандан бери жалпы 458 миң 689 адам инфекцияны жуктуруп алган. Алардын ичинен 221 миңден ашууну айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 5 миң 725 адамды түздү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан