9-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 280 жаран коронавирус илдетине кабылды. Алардын 246сы ооруканада жатканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө вирус менен ооруп жаткандардын 246сы ооруканада. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор, анын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 5 бейтаптын бири Ноокатта, төртөө республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында", - деди ал.
Коронавирустан айыккандар 30, каза болгондор 4.