Баткен облусу боюнча 32 адамдан коронавирус аныкталса, анын 27си айыгып чыкты

Баткен облусу боюнча жалпы 32 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталса, анын ичинен 27 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Сатарова онлайн брифинг учурунда айтты.

"Баткен облусунда бүгүнкү күнгө чейин 32 жараныбыз коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен 21и сырттан жуктуруп келгендер. Коронавирус аныкталган жалпы 32 адамдын 27си айыгып чыккан болсо, 5 бейтап дарылануусун улантып жатат. Бүгүнкү күндө облус боюнча обсервацияда 91 адам жатат. Облуска башка өлкөдөн келгендер, тагыраагы Москвадан, Оренбургдан келгендердин бардыгы үй карантинине алынып, мобилдик топтордун көзөмөлүндө болушууда", - деди Сатарова.

Ошондой эле өзгөчө кырдаал башталгандан бери Баткен облусу боюнча 6 миң 256 адам үй көзөмөлүндө болгон. Бүгүнкү күндө алардын 267си дагы деле үй көзөмөлүндө турушат жана аларды 9 мобилдик топ тейлөөдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан