Кытайда өткөн сутка ичинде коронавирустан каза болгон адам катталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-апрель эпидемия башталгандан бери каза болгон адам катталган эмес. Ал эми өткөн 24 саат ичинде жалпы 42 адамдан вирус аныкталып, 1 адам көз жумган.
Жалпы Кытайда 81 миң 907 адам коронавирус жуктурушкан, алардын 77 миң 455и айыгып чыкса, 3 миң 336 адам көз жумган. Ал эми 1 миң 116 адам дарыланып жатат, алардын ичинен 144 адам өтө оор абалда.