Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорку чекке жеткенин, бүгүн, 12-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин бюджет жана каржы комитетинде сүйлөп жатып билдирди.
"Бишкек шаарында учурда медициналык мекемелерде COVID-19 менен ооругандарга 340 орун бар. Жалпысынан 2 миң 243 орун даярдалды. Күн сайын биз 250-300 орунду түнкү убакытка калтырып жатабыз.
Мен 3 ай мурун эле айткам, июнь, июль айларында COVID-19 менен ооругандар туу чокуга жетет деп. Менин оюмча, биз жогорку чекке жеттик, 10-15 күндөн кийин басаңдай баштайт", - деди Бейшеналиев.