Бүгүн, 10-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев онлайн маалымат жыйын берүүдө. Күнүгө аталган министрликтин өкүлдөрү коронавирус жуктуруп алгандардын саны тууралуу маалымат берип турат.
Бүгүнкү күндө изилдөөгө келген анализдердин саны 22 миң 554. Ал эми изилденгендердин саны 20 миң 575. Ал эми бир күндө 1 миң 979 анализ жасалган.
Учурда 8 адам оор абалда жатат.
10-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө 39 дарыгер коронавирусун жуктурган:
Бишкек шаарында - 8;
Чүй облусунда - 1;
Ош облусунда - 21;
Жалал-Абад облусунда - 8;
Баткен облусунда - 1.
Коронавирус менен ооруп жаткан 298 адамдын 34ү 15 жашка чейинки өспүрүмдөр. Алардын экөө 1 жашка чейинки наристелер. Ал эми 75 киши 20-35 жашка чейинки жарандар.
Кыргыз жергесинде коронавирус менен ооругандардын саны 298ге жетти. Алардын аймактары:
Жалал-Абад облусунда – 89;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 15;
Баткен облусунда – 4;
Ош шаарында – 36;
Бишкек шаарында – 42;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 4;
Медицина кызматкерлери жалпы - 39.
Ооруп жаткандардын 154 аял, 144ү эркек.
Ал эми бүгүн, 10-апрелде катталгандардын 7си аял, 11и эркек.
Ноокат районунда каза болгон жаран 87 жашта болгон.
"Коронавирустун өлкөдөгү "пик" абалы качан болот?" деген суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев азыр жооп берүү эрте экенин, бул боюнча атайын кызматкерлер иштеп жатканын билдирди.
10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган 18 жаран катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 6;
Кемин району – 6;
Токмок шаары – 1;
Аламүдүн району – 1;
Сузак району – 2;
Жалал-Абад шаары – 1;
Ак-Суу району – 1.
Ноокат районунда бир жаран коронавирустан каза болду. Каза болгондордун жалпы саны 5.
10-апрель саат 10:00гө карата коронавирус менен дагы 18 жаран ооруп жатат.