Бүгүн, 10-апрелге карата өлкө боюнча 9 бейтап коронавирус илдетинен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев онлайн брифингде билдирди.
"Сутка ичинде өлкөдөгү стационарлардан 9 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Аларды ооруканадан чыгаруудан мурда кайрадан коронавируска тест алынып, жыйынтыгы таза деп чыкты. Айыккандар:
Ош облусунда - 1;
Жалал-Абад шаарында - 5;
Бишкек шаарында - 3", - деп билдирди ал.
Муну менен өлкө боюнча коронавирустан 39 жаран айыкты.