Кыргыз сахнасынын белгилүү жүздөрү коронавирусту чогуу жеңүүгө чакырууда.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Ырыскелди Осмонкулов, Гүлзинат Суранчиева, Гүлзада Рыскулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, алпаруучу Чыңгыз Мырзаев, ырчы Айымжан Айылчиева "Биз коронавирусту жоопкерчилик, тазалык, ишеним, тартип, ынтымак менен жеңебиз" деп элди чогуу күрөшүүгө чакырууда.