Бүгүн, 16-июнга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 112 миң 577 адамды түздү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Ага ылайык, инфекциядан улам дүйнөдө 439 миң 50 адам көз жумган. 4 миллион 213 миң 182 бейтап коронавирустан айыкты.
Оору эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда вирус 2 миллион 182 миң 950 адамга жукту. Кийинки катарга Бразилия 891 миң 556, Орусия 537 миң 210, Индия 343 миң 26, Улуу Британия 296 миң 857 бейтап менен кирет.