Акыркы сутка ичинде өлкөдө дагы 41 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен ооругандардын саны жалпы 2 миң 207ге жетти. Бүгүнкү күнгө карата алынган статистикалык маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.
Алар:
Бишкек шаары - 18;
Чүй облусу - 6;
Ош шаары - 6;
Ош облусу - 2;
Баткен облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 2;
Нарын облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 3.
Сутка ичинде илдетти жуктуруп алгандардын 9у сырттан келгендер.