Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков: "Сутка ичинде 55 адам эреже бузуп кармалды" (хронология)

Бүгүн, 10-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берди.

2020-04-10 13:26:00

"Чектөө киргизилген соң жардамга муктаж жарандарыбыз көбөйдү. Жардамды өз учурунда жеткизүүгө аракет кылып жатабыз. Андыктан сиздер маалыматты, кабарларды бизге өз убактысында жеткирип турсаңыздар чоң жардам болот. Бир дагы муктаж үй-бүлөгө көңүл бурулбай калбайт", - деп билдирди Жоробеков сөзүнүн соңунда.

2020-04-10 13:23:00

Суроо: "Таш-Көмүр шаарына бөлүнүп жаткан жардамдар жетпей жатат, бизде деле чектөөлөр бар. Кантип күн көрөбүз?"

Комендант: "Айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген эмес, азыркы тапта жардам өзгөчө абал киргизилген аймактарга берилип жатат. Ал эми жолдор жабылгандыктан, сиздерде да кыйынчылыктар болуп жатканын түшүнүп жатам. Сурооңузду тиешелүү тараптарга жеткирем", - деп жооп берди Жоробеков.

2020-04-10 13:21:00

Суроо: "Биздин айыл чоң, адамдар бет капсыз жүрүшөт. Медайым болгондуктан, аларга бет кап тагынгыла десем кайра мени менен урушуп жатышат. Кандай чараларды көрөсүздөр?"

Комендант: "Кабарыңыз үчүн рахмат. Сиздин айылга кошумча күч тартылып, тартипти орнотууга аракет кылабыз"

2020-04-10 13:20:00

Маалымат жыйын учурунда комендантка буга чейин берилип келген суроолор жарандардан кайрадан берилди.

2020-04-10 13:10:00

"Жалпы облус боюнча 21 кылмыш иши катталды. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда 55 жаран кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми жол эрежелерин бузган 59 унаа айып короосуна жеткирилди", - деп билдирди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан