Москва-Бишкек каттамы менен 460 жаран өлкөгө келишти

Бүгүн, 7-июнда өлкөгө Москва-Бишкек каттамы менен 460 жаран келди. Алардын арасында эки жашка толо элек 68 наристе бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылганы айтылат маалыматта.

7-июнда Москвадан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 176 кош бойлуу аял, 86 балалуу айым, 34 оорукчан, 25 улгайган жаран, 34 хостелдердеги аял, ошондой эле жакындарын жоготкон 8 жаран жөнөтүлгөн. Бардык кош бойлуу аялдар жана оорукчандар оорусу жана кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалымкат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Makain
2020-06-07 17:38:52
68 эки жашка толо элек кантип түшүнсө болот акалар
-7
Mustafo
2020-06-07 17:53:41
Makain,68 кичинекей бөбөктөр 2 жашка чыга элек
+6
Diyana
2020-06-07 18:04:50
Обсервацияга жаткырылат бекен 2 жумага, точнасын билгендер жазып койгулачы.
+4
bekbolotabdirasulov
2020-06-07 18:15:45
Diyana,ооба 14 кун обсервацияда болушат, бериилген алгоритмге ылайык созсуз 14 кун (2 жума) обсервацияда болушат.
"Келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылганы айтылат маалыматта" жазып койгонго!
+2
Aimani
2020-06-07 18:12:23
100го жакыны блатнойлор деп койгула
+10
Jasi.jasi
2020-06-07 19:35:58
Дагы кайсы куну Москва Ош учат,билип бергилечи.Ошко кетчулор жазып койгулачы бир кичинекей алакандай кагаз берип жиберишим керек болуп атат.
+4
Diyana
2020-06-08 00:31:48
Jasi.jasi,бугун аэропортко барып эле сураштырбапсынар, биздики Ошко кетет , ала кетмек экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан