Испания парламентинде депутаттар коронавируска каршы күрөшкөн дарыгерлердин урматына кол чабууну салтка айлантууда

Испанияда парламент депутаттары жыйын учурунда коронавирус пандемиясына каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге арнап күн сайын кол чабышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Европанын бир катар өлкөлөрүндө жарандар коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге жана медицина кызматкерлерине күндө бир убакта чыгып, кол чабышат. Европа өлкөлөрүндө бул салтка айланууда.

Испания коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийин экинчи орунда. Бул өлкөдө 157 миң 22 адам коронавирус жуктуруп алган. 15 миң 843 адам бул инфекциядан каза болсо, 55 миң 668 адам айыгып чыккан.

Испания парламентинде дарыгерлерге кол чабышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан