Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр Франциядагы сыра өндүрүүчүлөрдү чоң чыгашага учуратты. Анда өндүрүлгөн 10 миллион литрден ашык сыра сатылбай, мөөнөтү бүтүп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Кафелердин, ресторандардын күтүлбөгөн жерден жабылышы, туризмдин токтотулушу, бардык фестивалдардын жана жарманкелердин токтотулганы бизге чоң залакасын тийгизди. Коюлган чектөөлөрдөн улам 10 миллион литрден ашуун сырабыз өтпөй калды", - деп билдирген Сыра өндүрүүчүлөр союзу.
Эске салсак, Францияда 17-марттан бери карантин режими киргизилген. Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, 11-майдан тарта өлкө карантиндик чектөөлөрдөн акырындык менен чыга баштайт. Бирок барларды жана ресторандарды июнь айынын башында ачуу пландалууда.