Бир сутка ичинде 61 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, стационарда 604 жана амбулатордук түрдө 816 адам дарыланууда.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 176 246 бейтап илдеттен сакайып чыккан.