Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алган Кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды. Ал кайрадан медициналык тест тапшырганда коронавирустун белгилери жок деп чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.
"Тышкы иштер министрлиги мекендешибиз Япониядагы ооруканадан чыгарылганын, учурда ал Токио шаарында экенин кабарлады" деп айтылат маалыматта.
Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз жараны 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган.
"Кыргыз жаранына Япониядагы госпиталдан медициналык сертификат берилген. Анда коронавирус аныкталбаган деген маалыматты тастыктаган маалымат көрсөтүлгөн. Мекендешибизди өлкөгө алып келүү чечими каралса, анда ал Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин 14 күнгө карантинге алынат", - деп билдиришти министрликтен.
18-февралда Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.
28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын жыйында айткан.