"Медициналык бет кап алып берем деп 10 миң долларын алып койгон". Шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында жабырлануучуга медициналык бет кап алып келип берем деп ишенимине кирип, 10 миң доллар акчасын алып, из жашырган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"28-март күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну А.Ш. Пакистан жараны Д.А.га карата чара колдонууну сурап кайрылган. Маалыматка ылайык, аталган жаран 7-февралда 7-кичи райондо 300 миң медициналык бет кап алып берем деп жабырлануучунун ишенимине кирип, 10 миң долларын алып, белгисиз тарапка из жашырган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында 1966-жылы туулган Д.А. кылмышка шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн ушуга окшош кылмышка тийиштиги бар-жогу иликтенүүдө.

Эгер аталган кылмышка шектүүдөн жабыр тарткандар болсо, ‭0(706)23-33-06, 0(312) 54-44-81 жана 102 номерлерине кайрылыңыздар", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Arzybekkg
2020-04-10 21:56:39
Кичине окшоштуруп арызданбаптыр да.. Бул созуно жинди адам деле ишенбейт... 300мин масканы 10мин долларга албай.. Анда ар бир маска 30 долларга туура келип калат сомго эсептегенде 2300 сомго туура келет экен 1$ ДЫ 77 СОМГО эсептегенде
-9
Sakubek
2020-04-10 22:07:56
Arzybekkg,башты иштетсен,ал убакта курс 70 болчу. 2сом 33 тыйындан болот
+7
mr.ulan89
2020-04-10 22:31:16
Arzybekkg, 77 сомдон эсептегенде деле 1 маска 2.50 тыйындан айланат кайдагы 2300 сомду айтып жатасын
+5
Kitep
2020-04-11 04:29:37
Арзыбек.kg,Масканы акчага бөлсөн 30доллар,
Акчаны маскага бөлсөн 0,033доллар.
+1
Aidar151080
2020-04-11 06:45:40
Мисалы мен, 10миң$ эмес, 10 миң сом алыш кыйын.
Акыркы замандын белгиси.
Ишеничтүү айтсаң КАЛП айтып жаткандай сезилет, калп айтсаң ИШЕНИМДҮҮ сезилет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан