Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптардын абалын сурап туруу үчүн Телеграм каналды ишке киргизди

Өлкөдө коронавирус инфекциясы жана пневмония менен күрөшүп жаткан бейтаптардын абалын билип туруу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Телеграм мессенжеринде канал ачты. Андан жакындарынын күнүмдүк абалы тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот.

Министрликтин маалыматына ылайык, бейтаптын абалын билүү үчүн анын аты-жөнүн, кайсы медициналык жайда, бөлүмдө (мүмкүн болсо палатанын номерин) дарыланып жатканын так көрсөтүү керек.

Ошондой эле маалымат алуучу менен бейтаптын туугандыгын аныктаган документ керектелет. Мисалы, нике тууралуу күбөлүктүн, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун сүрөтү. Тиешелүү кайрылуулардан кийин бейтаптын абалы жөнүндө маалымат жеке кат түрүндө жөнөтүлөт.

Жөнөтүлгөн кайрылуулар саат 09:00дөн 18:00гө чейин каралат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан