Коронавирус менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттен тиешелүү министрликтерге каражат бөлүнгөн. Анда эң аз акча каражаты, тагыраагы, 30 миллион сом Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова медицина кызматкерлери аз же көп акча бөлүнөт деп иштеген эмес дейт. Бул тууралуу ал онлайн өткөн маалымат жыйында билдирди.
"Биз Гиппократтын антын бергенбиз. Ошондуктан акчанын аз же көп бөлүнгөнүнө карабай, коронавирустан адамдар аз жабыркап, өлкөнүн экономикасына зыяны тийбесе деген ой менин компетенциямда", - деди ал.