Өлкө аймагында сутка ичинде коронавирус илдетине чалдыккан дагы 10 адам айыкты. Алар ооруканадан чыгып, үйлөрүнө жөнөтүлгөнүн саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, оорудан айыккандардын ичинен:
Бишкек шаары – 3;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Талас облусу – 3.
Муну менен өлкөгө коронавирус келгенден бери аны 2021 бейтап жеңип чыкты.